Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

КЫТАЙ КОМПАРТИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ - ЭСКИ ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЛЫГЫНА ШАЙЛАНДЫ.


Кечээ күнү кызматынан чегинген Кытай коммунисттик партиясынын башкы катчысы Цзян Цемин, мурда күтүлгөндөй эле, бүгүн - партиянын Аскерий комитетинин төрагасы болуп шайланды жана өлкөнүн саясий турмушуна таасирлүү адам бойдон кала тургандай. Кечээ күнү компартиянын жаңы жетекчиси болуп шайланган Ху Дзинтао бүгүн - Аскерий комитеттеги Цзяндын эки орун басарынын бири болуп шайланды. 80-жылдардын аягында партиялык кызматтан Дэн Сяопин кеткенде дагы, ал бир нече жылга Аскерий комитетти жетектеген. Партиянын жаңы жетекчилиги бүгүн коммунисттер менен жолукканда, жаңы төрага Ху Дзинтао: өлкөдөгү реформалар уланат, - деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG