Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

ПАКИСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАҢЫ ПАРЛАМЕНТ АЛДЫНДА АНТ БЕРДИ.


Пакистандын жакында шайланган парламентинин бүгүнкү сессиясында - президент Первез Мушарраф ант берди. Төңкөрүш аркылуу 1999-жылы бийликке келген Мушарраф парламентти таратып жиберген жана ал үч жылдан кийин гана шайланды. Антты Мушарраф - өлкөнүн жаңы конституциясына таянып берди, президенттик кызмат тарабынан даярдалган ал конституция болсо, парламентке кечээ күнү тапшырылган. Мушарраф бүгүн кол койгон жаңы жобо боюнча болсо, жаңы мыйзамдарды ал өзү түзө алат. Сессияда, бирок, башка маселе боюнча чатак чыкты - парламентте көпчүлүк орундарды утуп алган Мусулман лигасы сессияны башкарууга киришкенде, ага - шайлоодо экинчи орунду ээлеген Пакистан элдик партиясы каршы чыкты. Лига - президентти, партия болсо - өлкөнүн мурдагы премьер-министри Беназир Бхуттону колдойт.

XS
SM
MD
LG