Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Маскөөлүк басма сөз


Муса Мураталиев

Мурунку аптада Москвада жарык кoргoн макалаларды ар ohyттoн карап териштире келгенибизде Кыргызстан жана Борбор Азия oлкoлoрyнo тийешеси бар материалдар арбын жолукту. Согуш жана тынчтыкты чагылдыруучу институт (01.11.2002) интернетте жарыялаган макаласында, Орусияда азыркы тушта, кадимки эле расизм идеологиясы yстoмдyк кылып атканы айтылат. Андай маанай "Норд Остто" трагедиядан кийин кyчoп кеткен. Орусияда расизм эпкини Борбор Азия oлкoлoрyнoн чыккан граждандарга тийе баштаган. Бyгyнкy кyндo Кыргызстан, Тажикстан, Oзyбекстандан келип Орусияда иштеп же иш издеп жyргoндoр эсеби бир миллиондон ашкан. Аларды орустардын жерyyсy, кодулап кысым кoргoзyyсy мурдагыдан катуу жyрo баштаган. Алардын ичинен утурумдук каттоого алынбай жyргoндoрyн oлкoдoн чыгарып таштоо жумушу башталган. Жаман жери аларга бийлик эле эмес орустар басымдуу кoпчyлyгy касын тиге баштаган. Былтыркы жылы, маселен, Тажикстандан келген 40-дан ашуун киши скинхеддер колунан курман болгон деп жазылган ал жерде.
Келе жаткан жылы уран кенин oндyрyy баштала тургандыгын Профиль (11.11.2002) жумалыгы жазып чыкты. Аны yч мамлекет атомдук компаниялары ишке ашырат. "Заречное" аталышта биргелеш ишканага казакстандык "Казатомпром", орусиялык "Атомредметзолото" жана кыргызстандык Кара-Балта тоо-кен комбинаты кирген. Ал ишкана биринчи мooнoтy 2003-2006 жылдар арасы болот. Биринчи мooнoттo, орто эсептен алганда, ар жылы 500 тоннадан уран кенин тазаланат. Кара-Балта комбинаты тазалаган уранды Орусияга жoнoтyп турат.
Жакында oткoн эл каттоонун жыйынтыгы туурасында жума кyнy Орусиянын улут саясаты боюнча министири Владимир Зорин президент Путинге маалымат берди. Министир айтканга караганда, мамлекетте элдин саны азайбай, кайра бир нече миллионго oскoн. Балa кoп туулган субъектер : Москва калаасы, Ичкерия жана Дагстан жумуритяттары болгон.
...Бизде туруктуу жашап аткандар эсеби он бир миллионго чукул эле. Бирок мен азыр айтышым керкек, Москвада жашагандар, орто эсептен алганда, он жарым миллион, ага кошумча, бери болгондо, эки жарым миллион кyн сайын келип кетип аткандар. Бул он yч миллион кишини тyзoт.

Борбор Азия мамлекеттеринде басма сoз эркиндиги туурасында (11.11.02) ВолСтритЖорнал (Wall Street Journal) жазат. Аны орусиялык гезит которуп баскан. Америкага террорчулар 11-чи сентябрде кол салгандан кийин "Талибан" кыймылын жок кылууда, Ооганстанга чукул жердеги мамлекеттер керек болгонго байланыштуу Кошмо Штаттар, учактары конуп жyрyyгo Oзyбекстан, Кыргызстан, Тажикстан менен мамилелеш болду. Ошондон кийин ал oлкoлoргo жардамын эки эсе кoп бере баштады. Бирок кийинки айлары Кошмо Штаттар менен Европа ал мамалекеттерде адам укугун тебейлеп-тепсегенге байланыштуу Борбор Азия регионун сынга ала баштады. А регион лидерлери сынды угуу бул жакта калсын, кайра адам укугун коргоого алгандарды кара санатайлык менен куугунтукка ала баштаган. Макалада андан сырткары казакстандык, кыргызстандык, oзyбекстандык, тyркмoнстандык лидерлер оозу менен бирди айтып иш жyзyндo башканы жазап атканы жoнyндo таасын далилдер бар. Адам укугун кордоп, аны тепсooрyндo калтыруу басма сoз эркиндиги менен киндиктеш экени да кеп болгон.
Аксылыктар нааразылыгын чагылткан макалада 700-гo чукул киши oлкoнyн баш калаасына жoo келгени айтылат. Время новостей (15.11.02) жазганга караганда, алар: эмне себептyy ушубакка Карыпкулов, Акматалиев, Абышкаевдер тийешелyy жазаларын алыша элек деп oкyмoт мyчoлoрyнoн сурамжылоо yчyн келишкен. Президент Акаев 12 сентябрде АКШга сапар тартар алдында oкyмoт oкyлдoрy оппозиция лидерлери менен тил табышып, Бишкекке жoo келаткан тyштyктyктoрдy токтоткон экен. Ал жолу oкyмoт oкyлдoрy 15-чи ноябрге дейре март айында трагедияга кyнooлyyлoрдy жоопко тарттырабыз деген экен, бирок ноябрь келгенде бийлик кебин унутуп салганга байланыштуу оппозиция дагы бир жолу нааразылык билдирип баш калаага жoo келyy жазаптыр деп жазат газета.
Орусия эh башкы милиционери Борис Грызлов кызмат сапар карытып Кыргызстанга барып кайткан. Ал Чолпон-Атада президент Аскар Акаев менен жолугушуп Российская газета (15.11.02), oлкoнyн жери менен банги заттар тартып oтyyгo кантип кылтак коюу маселесин талкууга алгaн. Орусиялык министир МВДга баш ийген жогорку окуу жайларына окутууга кыргызстандык милиция кызматындагыларга орун бердире тургандыгын убада кылган.
Тышкы карызын тoгyy Кыргызстанда oнoр-жай ишканалар эсебинен болуп аткандыгын Континент (12.11.02) жазып чыкты. Премьер Николай Танаев айтканга караганда, Кыргызстан азыр oзyнyн "Дастан", "Жанар", "Айнур" жана машине куруу соотунун oкyмoт колунда турган акцияларды Москвага берyy туура деп чечкен. Ошол эле учурда Орусиянын экономикалык oнyгyy министирлигинен тyшкoн пикирге караганда, Москваны кыргызстандык "Электротехника" жана "Электровакуумдук" сооттор акциялары кызыктырат.
Орусия алдында Кыргызстан карызы азыркы тушта 150 миллион долларга жеткен.
Санкт-Петербургские ведомости (12.11.02) Динара Асанованын 60 жылдык тою жана ага карата oткoрyлгoн кинофестиваль туурасында макала басылды.
Правда (11.11.02) Эгемендyyлyккo жеткен 10 жыл арасында Кыргызстандан ар тyрдyy себептер менен 2 миллионго чукул киши мурда жашап жyргoн жеринен кoчyп журт которгон.
XS
SM
MD
LG