Кыргыз басылмаларында Бишкектеги жөө жүрүш, 3-элдик курултайдын өтпөй калышы аркыл көз караш, позициядан талкууга салынып, кезектеги маалымат акыйнеги уланып атыр. Москвага өңү башкачараак бирөө келсе улутчулдар аларды апачык өгөйлөп атканын кеп кылчу Бишкекке айылдан келгендер эми Ташкөмүрдөн же түштүктөн эмес деп мойнуна жазуу илип алышабы, деп суроо коет Болот Шамшиев шейшемби күнкү "Республика" гезитинде жарыяланган маегинде. "Тим эле фашисттер басып кирип келаткандай Бишкек-Ош жолун тосуп алган милициялардын көптүгүн көрсөңөр болот эле", дейт айтылуу кинорежиссер. Ал эми Алексей Сухов азыркы кыргыз бийлиги аксылыктардын талабын аткарбаш амалында өзбектерди козутуп, аларды кыргыздарга каршы тымызын тукуруп атканын "Бийлик этникалык картага өтүүдө" деген макаласында маалымдайт.
Бишкекте уруксат берилген митинг өтүп, анда оппозицияны бийликке жолотпоо тууралуу сөздөр айтылганын шейшембиде "Вечерний Бишкек" гезити маалым кылды. Бишкекке келген айылдыктарды мыйзамчы депутат Алымбай Султанов кимдир бирөөлөрдөн жардам алгысы келген марионеткалар деп атады. Анын пикири гезитттеги "мыйзамчылар болсо кесиптештерин сындашты" деген пикирлер топтомунда жарыяланган.
"Өткөн жуманын соңунда куттуу борбор калаабызда "саясый спектакль" уюштурушмакчы болушкан чуу куйруктардын арамза чуусу" ишке ашпай калганын шейшембиде "Кыргыз туусу" гезити да маалымдады. Гезит кабарчысы Бекбай Алыкулов карыялардын далысына жашынган Үсөн Сыдыков жөнүндө, журналист Таштаналиев Дырылдаев тууралуу, Токтомуш Өскөнов генерал Исаковду сынга алган макалаларын жарыялашса, Бермет Маткеримова эл митингден тажаганына токтолот. Гезитте президент Акаевдин Көл кылаасындагы иш сапары ийгиликтүү өткөнүн баяндаган репортажга орун берилген. Жаңы китебинин бетачар аземинде сүйлөгөн президент Ленинградда окуп жүргөндө кырыз тарыхына кызыгып, атайын китеп жазуу ниетин ошондо эле ойлогонун айтыптыр.
"Слово Кыргызстана" шейшембиде кыргыз өкмөтүнүн элге кайрылуусун, оппозициянын обу жок иштерин катыра сындаган макалалар топтомун жарыялады. Кыргыз-кытай чек арасы тууралуу мыйзамды колдогон депутаттар эми эмнеликтен ага каршы чыкканына түшүнбөстүгүн Кронин деген автор ачыкка чыгарса, Александр Галич Ош капсалаңына күнөөлүү кишини оппозиция колдоп атканына таң калганын жашырбайт.
"Моя столица" гезити шейшембидеги санында "Жатып алып турбай коюу же элдик толкундоолор маалында уюштурулган той" деген макаланы жарыялады. Журналист Лариса Линин жазганы боюнча, республикада саясий кырдаал курчуй баштаган маалда президент башка жакка кетип, жок эле дегенде Көлдөгү резиденциясына барып жатып аларын баяндайт. Карызга белчесинен баткан республикада шаң-салтанат арбып, эстелик ачмай күчөөдө. Көл кылаасынан чыккан ишмерлердин эстеликтерине кошуп президент "Манас ордо" жайкы театрынын ачылыш салтанатында болду. Бишкектеги соңку окуялар Артем Петровдун "Мыйзам жана тартип. Суук менен ылай" деген репортажында чагылдырылган.
Бишкек окуясы "Агым" гезитинин жаңы санындагы Жолдошбек Зарлыкбековдун "Демократтардын кеч күзү", Замира Кожобаеванын "Бишкекте дарактан милийса көп экен", "Бийлик жүрүшчүлөрдү автобус менен артка ташый баштады" деген макалаларында баяндалган. Алайдан элдик курултайга келген Токтосун Маназаров: "Шаар милийсага эле толуптур, парктарда мурда мурда дарак көп болчу эле, азыр дарактан милийса көп экен, өз элинен да ушунча коркобу бу бийлигиң?"- деген нааразы сөзүн айтып кетти",- деп жазат Замира Кожобаева. Аксылык Бакай Чилтегиндин "Таш ыргытсаң комитетке тиет…" деген макаласында стихиялуу демократия шартында бийлик башында отургандардын элди мыйзамдуу башкарууга эрки жетпей, сөзү менен иши экиачакей чыгып атканынан граждандык коомдо ага ишенбөөчүлүк күчөп ар кандай комитеттер түзүлүп атканы айтылат.
Шаршембиде жарыкка чыкчу "Аалам" гезитинде да жөө жүрүшчүлөр темасы басымдуулук кылат. Аны басылманын башкы редактору Базарбай Буканбеков айтып бермекчи . Башкы редактордун маалымдашынча, гезиттин жаңы санында Бишкек окуясы толугу менен баяндалып, Бишкектин түнкү "Сити" клубунда таасирдүү үй-бүлөнүн уулу Айдар милиция кызматкерлерин урганы тууралуу маалымат жарыяланмакчы.