Ал ООНдун баш кеңсесинде Кипр аралын бириктирүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму сунуш кылган планды талкуулайт. Жыйынга Кипрлик түрктөрдүн лидери Денкташ, америкалык ырасмий өкүлдөр катышат. Кипрдин жарымын Түркия 1974-жылы оккупациялап алган, ошондон бери арал экиге бөлүнүп, бул жерде ООНдун бейпилдик күчтөрү жайгаштырылган. Жакында ООНдун баш катчысы Кофи Аннан аралды бириктирүүнүн жаңы пландарын сунуш кылган эле.