Бул окуяга байланыштуу салтанаттуу аземге башкөз болгон президенти Первез Мушарраф кабинет өңчөй профессионалдардан куралганын белгилеп, жаңы өкмөт өзүнө тагылган милдеттердин ийгиликтүү өтөлүнө чыгарына ишенич билдирди. Премьер-министрликке дайындалган Мир Зафарулла Хан Жамали терроризмге каршы күрөштө Пакистан Кошмо Штаттары менен кызматташуусун улантат деп убада берди. Жамалинин кабинети аскерий төңкөрүштөн кийин түзүлгөн биринчи өкмөт, бирок генерал Мушарраф баштаган аскерий төбөлдөр өлкөнүн ички иштеринде дале чечүүчү күч бойдон калды.