Жума күнү президент Аскар Акаев Социалисттик эмгектин баатыры, кызылчачы Зууракан Кайназарованын эстелигин ачуу салтанатына катышуу үчүн Сокулук районуна барды. Акаев Баатыр кызылчачынын жүз жылдык юбилейине арналган салтанатта куттуктоо сөз сүйлөп, айыл чарба кызматкерлеринин алдынкыларына ардак наамдарды тапшырды. Андан соң Сокулук районунун аймагындагы «Бакыт», «Сулайман» дыйкан чарбаларында жана «Дели Дэйри Кыргызстан» сүттү кайра иштетүүчү кичи заводун көрүп, ушул эле күнү борборго кайтты. Президентти Чүй облусунун губернатору Тойчубек Касымов баштаган облустук расмий жетекчилер коштоп жүрүштү.