22-ноябрда Коргоо министри Эсен Топоев КМШ мамлекеттеринин коргоо министрлеринин жыйынына катышып келди. Москвада өткөн бул жыйында аскерий-техникалык кызматташтыктын 2003-жыл үчүн планы талкууланды. Ал эми Түндүк Атлантика альянсына кирген жана аны менен кызматташып жүргөн өлкөлөрдүн Прагадагы саммитине кеткен тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашевдин Кыргызстанга 23-ноябрда кайтып келери күтүлүүдө. Коргоо министринин маалымат катчысы Мирбек Маликов Эсен Топоевдин Прага саммитине барбай калышын бул иш чаранын Москва жыйынына дал келип калышы менен түшүндүрдү. Анын айтуусуна караганда эки жыйынга Кыргызстандын тиешелүү министрлери өз ара макулдашып катышышты жана коргоо министринин Прага саммитине катышпай калышында эч кандай саясий себеп жок.