Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

22-декабарда элдик референдум өткөрүлөт.


Жума күнү Жогорку кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны республиканын баш мыйзамына өзгөртүү, кошумчаларды киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулашты. Талкуу учурунда депутаттар мамлекет башчысы референдум өткөндөн кийин Жогорку Кеңешти таркатпашы үчүн аталган мыйзам долбооруна 2005-жылга чейин республикадагы жогорку бийлик органдарын таркатпоо тууралуу пунктту кошуп референдумга алып чыгуу жана башка бир нече сунуштарын айтышты. Жыйын соңунда, депуттаттар тарабынан сунушталган пикирлердин топтомун жана 2005-жылга чейин жогорку бийлик органдарын таркатпоо тууралуу кошумча пункттун долбоорун Конституциялык кеңешке сунуштоо тууралуу токтом кабыл алынды. Ал эми Борбор шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын кабарлоосуна караганда, баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу элдик референдум 22-декабарда өткөрүлөөрү аныкталды.

XS
SM
MD
LG