Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Укук коргоочу Турсунбек Акун бийлик куугунтуктап жатат деп билдирди


Мени эч ким Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагалык милдетинен өз алдынча бошото албайт. Кыймылдын уставына ылайык мындай чечим аталган уюмдун республикалык конференциясында кабыл алынат деп маалымдады он күнгө абакка кесилген укук коргоочу Тусунбек Акун «Азаттык» радисунун кабарчысына берген интервьюсунда. Турсунбек Акундун айтымында, ал абакта отурган мезгилде айрым кыймыл мүчөлөрүнүн Тусунбек Акун кызматтан бошотулду деп коомчулукка маалымат бериши мыйзамсыз жана мындай аракеттер жогорку бийлик жетекчилери тарабынан уюштурулууда. «Мунун бардыгын мен ойлойм Турсунбек Акунов президенттикке каршы сүйлөп жатат деп бийликтегилер уюштурууда»-деди Турсунбек Акун. Эскерте кетүүчү нерсе, 18-ноябрда аталган уюмдун өкүлү Мелис Арыпбек уулу «Кабар» маалымат агентигинде журналистеге маалымат жыйынын өткөрүп, Турсунбек Акун кыймылдын төрагалык милдетинен четтетилди деп жарыялаган. Турсунбек Акун16-ноябрда Бишкекте элдик курултайга келген адамдар менен кошо камакка алынган. 17-ноябрдагы Ленин райондук сотуну чечими менен он күнгө абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG