Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Дин кызматчылары ыймандуулукка чакырат


Нарын обласында Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын алдынгы «Дил мүрөгү» атуу маданий борборунун бөлүмү ачылып иштей баштады. Дин кызматкерлеринен турган атайын топтор эми окуу жайларда, мектептерде жана мекеме-ишканаларда ыймандуулук боюнча дарстарды окушуп, жаштарды терс көрүнүштөрдөн алыстатуу, үй-бүлө курууга даярдоо жана адеп-ахлакты сактоо нормалары боюнча иш-чараларды баштаганы жатышат. Бул туралуу 23-ноябрда Азирети Аалы мечитинен кабарлашты. Дин кызматкерлеринин пикирлерине караганда, 99 пайыз кыргыз улуту жашаган Нарын облусунда кийинки он жылда башка динге өткөн атуулдардын саны өсүп, жергиликтүү мусулмандар менен башка динге өткөн атуулдардын арасында араздашуулар кездеше баштады.

XS
SM
MD
LG