Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Майлуу-Суу шаарындагы Электр лампаларын чыгаруучу завод сатылат


Кыргызстандын Тышкы соода жана өнөр жай министирлиги Майлуу-Суу шаарындагы Электр лампаларын чыгаруучу заводдун сатыла тургандыгын жарыялады. Сатыкка аталган заводдун 62,43% пайыз акциясы коюлуп, башталгыч баасы 3,2 миллион долларга бааланууда. Сатып алууну каалаган ишкер адегенде, заводого 15 миллион каражат жумшоо менен жакынкы үч жылдын ичинде заводдон чыккан экспортту 3% кем эмес өнүктүрүүсү керек. 2002-жылдын 1-ноябрына карата заводко тиешелүү жалпы эмеректер 374 миллион сомго бааланган. Ал эми аталган завод 2002-жылдын соңку тогуз айында 56 миллион сом пайдага иштеген. Сатып алууну каалагандардын арызы 20-декабрга чейин кабыл алынат

XS
SM
MD
LG