Кыргызстандындын түштүк аймагында чыгуучу «Фергана» гезитине байланыштуу сот иши Жалал-Абад шаарында 26-ноябрда болору күтүлүүдө. Гезит кызматкеринин ишембидеги маалыматына караганда, 20-ноябрга белгиленген сот жараяны сот тарабынан ушул күнгө которулган. Сотко Ош технологиялык университетинин деканы Жеңишбек Тургунбаев абийир жана ар намысын, кызмат беделин коргоп берүү суранычы менен кайрылып, өзүнүн моралдык чыгымын 1 миллион сомго баалаган. Иштин мындай өнүгүшүнө зачет үчүн акы алган декандын кызматтан кетишин талап кылган студентердин эки күндүк пикети тууралуу макаланын гезитке басылышы себеп болгон. Макала июнь айында чыккан.