Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Оштун маалымат каражаттары элдик курултайга каршы


Ош шаарында чыгуучу облустук кыргыз, орус, өзбек тилдеринде чыгуучу «Ош жаңырыгы», «Эхо Оша», «Ош садоси» гезиттери элдик курултай өткөрүүгө каршы пикирлерди кеңири чагылдыра баштады. Гезиттердин билдиришинче, бул пикирлер губернатор Накен Касиевдин наамына келген телеграммаларда белгиленүүдө. Ноокат районунун ардагерлери Ош шаарында курултай өткөрүүгө каршыбыз, элдин тынчтыгы, ынтымагы зарыл экендигин жакшы билебиз, деп жазат ардагерлер кеңешинин төрагасы Сегизбаев. Ош шаарында курултай өткөрөбүз дешкен, от менен ойношуп, коомдук тартипти бузууну массалык баш аламандыкты каалашкан бир ууч эл бузарлардын кереги жок деп жазат каракулжалык аялдардын атынан Сарыдубанова. Ушундай эле пикирлер аравандык фермер Файзуллаевден, Жаштар партиясынын лидери Бакыевден жана башкалардан келген.

XS
SM
MD
LG