Ош шаардык жана Жогорку соттун чечими менен шайлоонун экинчи туруна катышуу укугунан четтетилген талапкер Үсөн Сыдыковдун Өзгөн районундагы шайлоочулары 23-ноябрда Мырзаке айлына Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басары Соронбай Жээнбеков жана райондун акими Расул Жолдошевдин катышуусунда жыйын өткөрүштү. Жыйынга 620 адам катышып, президент Аскар Акаевге, Жогорку Кеңештин палата төрагаларына, Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысына кайрылуу жолдошту. Кайрылуунун мазмуну менен Өзгөн районундагы Сыдковдун ишенимдүү адамы Апазова Мыскал тааныштырды. "Биринчи: Каракулжа шайлоо округуна Сыдыковдун талапкерлиги коюлсун. Экинчи, эгерде бул талап аткарылбаса Ош, Жалал-Абад, Баткен областары Кыргыз республикасынан бөлүнүп, өзүбүзчө автономиялуу республика болобуз. Бул чечимди Россиянын президенти Путинге жана дүйнөлүк коомчулукка жарыялайбыз. Төртүнчү, биздин талап аткарылбаса, Каракулжа шайлоо округунун шайлоочулары референдумду өткөрбөйбүз жана пикетке чыгууну токтотпойбуз» деп билдирди Сыдыковдун Өзгөн районундагы ишенимдүү адамы Апазова Мыскал. Жогорудагыдай маалыматты тактоо иретинде райондун акимчилигине кайрылганыбызда, аппарат башчысы Калыбек Кайназаров жыйналыш болгондугун тастыктап, «Ишемби күнү кыска жумуш күну болгондуктан райондун акими жумушка келбейт»- деп жооп берди.