Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Социологиялык иликтөө тизмесинде Акаевдерден үчөө бар


«Социнформбюро» аттуу социологиялык иликтөө борбору мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин рейтингин аныктаган акыркы сурамжылоолордун жыйынтыгын 22-ноябрда жарыялады. Иликтөө борбору рейтингди аныктоодо үч багыттагы артыкчылыктарды, атап айтканда, тигил же бул адамдын таасиринин деңгээлин, сапатын жана анын келечегин эске алган. Сурамжылоодо президент Аскар Акаев таасирдүүлүгү боюнча биринчи орунга чыккан. Ал эми келечекке таасир көрсөтүш мүмкүнчүлүгү боюнча азыркы вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев менен мыйзамчы депутат Курманбек Бакиев президенттен алдыга чыккан. Бул эки саясатчы тең келерки президенттик шайлоого катышаары тууралуу акыркы мезгилде байкоочулар баса белгилей баштады. Булардан тышкары рейтинги боюнча сурамжылоо талаптарына дал келген кийинки беш адамдын катарында Адахам Мадумаров, «Социал-демократтар» партиясынын башчысы Алмаз Атамбаев, «Ар намыс» партиясынын башчысы Феликс Кулов, коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, биринчи айым Майрам Акаева бар. Рейтинг боюнча жетишерлик балл топтогон 40 адамдын ичинде финансы министринин кеңешчиси Айдар Акаев 34чү, ал эми жаңы шайланган биринчи омбудсман Турсунбай Бакир уулу эң акыркысы болуп катталган. Сурамжылоо октябрь айында жүргүзүлүп, ага 89 саясатчынын тизмеси сунушталган. Рейтинг жүргүзүүгө өкмөттүк жана эркин маалымат каражаттарында иштеген журналисттер, мамлекеттик кызматчылар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана ишкерлер жашыруун катышкан.

XS
SM
MD
LG