Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Россиядан окуган Кыргызстандык адистер жолугушту.


25-ноябрда Бишкекте Россиянын жогорку окуу жайларын бүтүргөн Кыргызстандык адистердин жолугушуусу болду. Ал Россиянын Кыргызстандагы элчилиги жана «Славян фондунун көмөгү менен уюштурулуп, жолугушууга Россиянын окуу жайларын бүтүп, Кыргызстанда иштеп жатышкан 700 адис чакырылды. Жолугушууга президент Аскар Акаев да катышып, сөз сүйлөдү. Бул окуяга байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путин атайын куттуктоо жолдоду. Анда Путин Россияда билим алган учур Кыргызстандык адистер үчүн мыкты досторду табууга шарт түзгөндүгүн да белгилөө менен Россия Кыргызстан үчүн мындан ары да адистерди даярдоого даяр экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG