Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:46

Жекшемби күнү Баткен районундагы мектептерде «Китеп-билим кенчи» деген кайрымдуулук марафону өткөрүлдү.


Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мамашарип Орозбаевден 2-декабрда алынган маалыматка караганда мындай марафонду өткөрүүгө райондогу мектептердин окуу китептери менен эң төмөнкү деңгеелде камсыз болушу себеп болгон.Марафон райондогу 45 мектептин баарында өткөрүлүп, ага ата-энелер, мурдагы бүтүрүүчүлөр катышты.Натыйжада район боюнча 500миң сомдон ашуун акча топтолду.Түшкөн каражаттын баары жогорудагы кенемтени толтуруу максатында окуу китептерин сатып алууга жумшалат.Баткен районундагы мектептер окуу китептери менен болгону 33% гана камсыз болгон.Бул республикадагы эң төмөнкү көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG