Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Кыргызстандын тышкы инвестицияларды тартуу комитети инвесторлор менен иштөөнү үйрөтөт.


Кыргызстандын тышкы инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин «One-stop-shop» аттуу бөлүмү 2-декабрдан баштап чет элдик инвесторлор менен иштөөгө үйрөткөн семинарлардын жумалыгын баштады. Бөлүмдүн башчысы Даир Каникеевдин 2-декабрда берген маалыматына караганда,анын максаты чет элдик инвесторлорго жана мамлекеттик бийлик орган өкүлдөрүнө «One-stop-shop» системасы жана аткара турган милдеттер жөнүнө түшүнүк берүү. Семинарга Европа биримдигинин эксперттери катышып, батыш өлкөлөрдө кенири тараган бул система тууралуу маалымат беришет. Чет элдик эксперттер Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда ушул жылы түзүлгөн «Өнөктөштүк жана кызматташуу тууралуу» макулдашуунун негизинде иштешет. Ал эми «One-stop-shop» системасы өлкөгө келип иш жүргүзгүсү келген бардык инвесторлорго бир жерден маалымат жана жардам берүү үчүн түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG