Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:22

Областтык сот укук коргоочунун арызын канааттандырган жок.


2-декабрда Чүй областтык соттун коллегиясы укук коргоочу Турсунбек Акундун Аламүдүн райондук соттун чечимин жокко чыгаруу тууралуу аппеляциялык арызын карап, ага 1000 сомдук айыппул салган райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бири миң сомдук айыппул тарткан дагы бир арыздануучу Ибраимов Тынычбектин өтүнүчүн сот 800 сомго азайтып, 200 сом айыппул тартсын деген чечимге келди. Дагы бир арыз ээси Канат Шаршеналиев ооруп калгандыгына байланыштуу сот анын арызын 11-декабрда карамай болду. Укук коргоочу Турсунбек Акун областтык соттун дүйшөмбүдөгү чечимине нааразылыгын билдирип, эми Жогорку Сотко кайрылаарын,эгер анда да өтүнүчү канааттандырылбаса Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетине кайрылаарын жарыя кылды. Укук коргоочулар Турсунбек Акун, Азиза Абдрасулова жана «Ар намыс» партиясынын төрт мүчөсү 29-октябрда Бишкектин четинен кармалып,Байтик –Бишкек жүрүшүнө катышты деп айыпталышкан болчу.

XS
SM
MD
LG