2-декабрда Кант аскердик аба майданына Россиянын эки СУ-27 жана эки СУ-25 аскерий учактары келип конушу күтүлүүдө. Ишембиде болсо Кант аба майданына Россиянын жүк ташуучу эки Ил-76 учагы келип конгон . Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Кыргызстандын Коргоо министри Эсен Топоев билдирди. Бул аскердик учактар Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин президенттеринин октябрь айында Кишинев шаарында кабыл чечимине ылайык келүүдө жана алар мындан ары Кыргызстанда туруктуу жайгаштырылат,-деген министр Топоев, Кант аба майданына келечекте канча аскерий учак жайгашары жөнүндө так маалымат берген жок. Топоевдин айтымында Россиянын аскердик аба күчтөрүнүн башчысынын орун басары генерал-лейтанат Александр Зелин баш болгон 70 адис учурда Кант аба майданынын абалын иликтөөдө. Ал эми 2003-жылдын апрель айында Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин жетекчилеринин жолугушуусу болот жана анда Кант аба майданы боюнча кошумча чечимдер кабыл алынат,-деп белгиледи Кыргызстан Коргоо министри.