Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Испаниянын жээктерине мунай агымы жакындоодо.


Испаниянын жээктерине мындан эки аптача мурун "Престиж " деген танкер кырсыкка учураганда төгүлгөн мунайдын экинчи толкуну жетүү алдында турат. Буга чейин деңиздин үстүнөн мунайды чогултуу иштерине тартылып жаткан жети кемеге дагы беш кеме кошулаары күтүлүүдө. Деңиз бетиндеги мунайды азайтуу аракеттерине карабай анын жылып келе жаткан жаңы толкуну Испаниянын түндүк- батыштагы жээктерине 15 чакырым гана калды. Адистердин эсебинде, жээкти көздөй агылып келе жаткан мунайдын өлчөмү 9 миң тоннага жетет. Бул "Престиж" танкери кырсыкка учураар замат төгүлгөн мунайдан эки эсеге көптүк кылат. Анда 500 чакырымдай жээк булганган.

XS
SM
MD
LG