Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

ООНдун инспекторлору Ирактагы ишин улантууда.


Улуттар уюмунун аскерий инспекторлору Иракта массалык кыргын салуучу куралдарды издөө ишин улантып жатат. Бүгүн алар ирак бийликтерине күн мурунтан эскертпей туруп эле бир нече жайды көрүп чыгышты. Маселен ООНдун көзөмөл комиссиясы - ЮНМОВИКтин эксперттери Багдаддан 30 чакырымча түндүк- чыгышта жайгашкан, айыл -чарба тармагында колдонулуучу авиоишкананы карады. Ал эми МАГАТЭ уюмунун эксперттери Багдаддын түндүк- чыгышындагы электр станцияларынын бирине барды жана ушул эле чөлкөмдөн аты аталбаган дагы бир жайды текшерди. ООНдун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык Иракта эл аралык инспекторлор өз ишин шаршемби күнү баштаган эле. МАГАТЕнин директору Мохаммед эль- Барадей бүгүн "BBC" ге берген маегинде инспекция жакшы башталганын билдирди. Бирок ал белгилегендей, эгер Багдад ырастап жүргөндөй чын эле Иракта массалык кыргын салуучу куралдар жок болсо, бул ырастоону бекемдеш үчүн кеминде бир жылдай убакыт талап кылынат.

XS
SM
MD
LG