Орусия президенти Владмир Путин бүгүн иш сапары менен Кытайга келүүдө. Ал эртең Пекинде Кытай мамлекеттик кеңешинин төрагасы Цзянь Цземинь менен сүйлөшүү өткөрөт. Эки өлкөнүн ортосунда саясий жана экономикалык кызматташтык жөнүндө биргелешкен декларация кабыл алынаары белгиленген. Орусия президенти ошондой эле Кытай компартиясынын жаңы лидери, келерки жылы Мамлекеттик кеңештин төрагалык кызматында Цзян Цземинди алмаштыруучу Ху Цзиньтао менен да жолугат. Пекинден соң Путин расмий визит менен Индияга барат. Ал эми бүгүн индиялык гезиттердин биринде жарыяланган маегинде орус президенти Индиянын коңшусу Пакистандын массалык кыргын салуучу куралдары террорчулар менен бандиттердин колуна тийип калышы ыктымал экенине тынчыздануу билдирди.