Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Ооган тайпалары кайрадан уруша баштады.


Ооганстандан түшкөн кабарларга караганда, өлкөнүн батышында атаандашкан тайпалар ортосунда өткөн түнү башталган уруштар бүгүн уланууда. Ал тайпалардын биринин лидери Амманулла Хан Герат провинциясынын губернатору Исмаил Ханды өз тарапкерлерине танктарды, артиллерияны колдонуп чабуул жасоого буйрук бергени үчүн айыптады. Уруштар ушул провинциянын аймагында жүрүүдө. Амманулла Хан "Reuter " агенттигине анын жүздөгөн аскерлери коргонуп жатканын, 11 жоокери курман болгонун билдирди. Ал эми Исмаил Хан "Associated Press " агенттигине ок атууну биринчи болуп атаандашы баштаганын маалымдады. Герат провинциясынын губернатору Исмаил Хан жергиликтүү тажиктердин лидери ал эми Амманулла Хан - пуштун командири. Эки ортодо дайыма кайталанып келе жаткан уруштардын соңкусу мындан бир ай мурда болгону кабарланган эле.
Ал эми мунун аралыгында бүгүн ооган бийликтери Пакистандын Ооганстанга чектеш провинцияларында, бийликке исламчыл партиялардын келишине тынчыздануу билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Абдул Гаффар Хандын айтымында, Пакистандын ушул райондорунда жашырынып жүргөн талиптер менен аль-кайидачылар исламчылардын оң мамилесинен пайдаланып, эми кайра бириге башташы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG