Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ УРУКСАТ БЕРИЛБЕГЕН МИТИНГДЕРГЕ ЖАНА ЖҮРҮШТӨРГӨ МОРАТОРИЙ ЖАРЫЯЛООНУ СУНУШТАДЫ.


Бишкек шаардык кеңештин депутаттары алдыдагы бир –эки жылдын ичинде уруксат берилбеген митинг, жыйын жана жүрүштөрдү башкалаада өткөрүүгө жол бербей, мораторий жарыялоону Бишкек шаар жетекчилигине сунуштады. Мындай чечимди шаардык кеңеш депутаттары 30-ноябрдагы сессиясында кабыл алгандыгын шейшембиде Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Данияр Шабданов ырастады. Анын маалыматына караганда, шаардык кеңеш мындай чечимди шаар тургундарынын суроо-табалынын негизинде кабылдаган. Шаар тургундары өз кайрылуусунда уруксаат берилбеген митинг, жүрүш, жыйындар болгон кезде борбордогулардын тынчтыгы бузулуп, жаштар менен окуучулар алаксып, борбордо кыйын жагдай түзүлүүдө дешип, коомдук тартипти камсыз кылууну талап кылышкан. Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, мэрия жетекчилиги азыр бул сунушту карай элек. Ал эми Кыргызстандын Омбудсмени Турсунбай Бакир уулу мындай сунуш «Митинг, жүрүштөрдү өткөрүү тууралуу» мыйзамга жана Конституцияга карама-каршы келээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG