Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:38

БИШКЕКТЕ КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛДУ.


Бишкекте «Кыргызстандагы конституциялык реформа процесси» аттуу эл аралык илимий-практикалык семинар болду. Аны Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсеси ,Кыргыз улуттук университети жана «Демократиялык процесстерди иликтөө борбору» уюштурду. Семинар кыргыз конституциясын өзгөртүүгө негиз болгон шарттарды ар тараптан иликтеп, жаңыдан сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолор укуктуу мамлекет курууга кандай негиз берерин тактоо максатын көздөдү. Семинарга ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын Кыргызстанга келген делегациясынын жетекчиси Пауле Кокконен айым катышып, сөз сүйлөдү. Кокконен айым өз сөзүндө Кыргызстандагы конституциялык реформаны колдой тургандыгын,себеби конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорун жалпы эл талкуулап жаткандан кийин ал коомдогу араздашууларды басат жана алдыдагы парламенттик, президенттик шайлоодо биримдикке чакырган кубат берет деп ишенээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG