Премьер-министрдин буйругу менен Аксы районунун мурунку акими Жеңишбек Бекболотов Айыл,суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин суу чарба департаментинин башчылыгына дайындалды. Ал эми бул кызматта иштеп келген Бараталы Кошматов Айыл,суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басарлыгына дайындалды. Бул тууралуу шейшембиде өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.