Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

РОССИЯ ПРЕЗИДЕНТИНИН САПАРЫ УЧУРУНДА БИШКЕК ДЕКЛАРАЦИЯСЫНА ЖАНА КООПСУЗДУК БАГЫТЫНДА КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮЛАТ.


Россия мамлекет башчысы Владимир Путиндин 5-декабрда Кыргызстанга келе турган сапары учурунда президенттер Аскар Акаев жана Владимир Путин Бишкек декларациясына жана коопсуздук багытында кызматташуу боюнча макулдашууга, андан сырткары, өкмөттөр жана тармактар аралык кызматташуу боюнча бир катар документтерге да кол коюшат. Бул тууралуу шейшемби күнү Тышкы иштер министрлигининин Россия боюнча адиси Руслан Бийбосунов маалымдады. Анын айтымында Путин 5-декабрда күндүз Бишкекке келип, ушул эле күндүн кечинде Москвага жөнөп кетет. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы сооданын көлөмү 9 айда 132 млн. 400 миң долларды түзгөн. Анын ичинен Кыргызстандын экспорту 52 млн. доллар, импорту 80 млн. доллардан ашуун болгон. Бул сумма эки мамлекеттин соодасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21% өсүштү билдирет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG