Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

3-ДЕКАБРДА ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВ ОШ ШААРЫНДА ИШ САПАР МЕНЕН БОЛДУ.


Кожогелди Култегин

Адегенде президент Ош областынын активи менен жолугушуп, өзүнүн президенттик доорунда Кыргызстан үчүн жасаган урунттуу иштеринин баасын чечмелеп түшүндүрдү. Кыргызстандун улуттук валютасынын туруктуу кармалып турушун, инвестициялардын Кыргызстанга арбын тартылышын,инфляциянын кыскартылып, дүн продукциянын акырындык менен өсүш алышын канагаттануу менен белгиледи. «Ош-3000» мааракесинин өтүшү, Ош-Бишкек жолунун курулушу Кыргызстандын түндүк түштүк болуп бөлүнбөй жалпы биримдикти күчөтүү аракети болгондугун эске салды. Демократия, сөз эркиндигине жамынып алып, өлкөдө бөлүп-жаруу, чыр-чатак чыгарууга күч үрөп жатышат деп, оппозицияга нааразылык билдирди. Эми алардын ашепке кетишине жол бербестигин жарыя кылды. Андан кийин президент Аскар Акаев Оштогу Шанхай жармаңкесин көрүп, Альбухари мечитинде мусулмандарды орозо айты менен куттуктады. Мамлекет башчысы ошондой эле Президенттин түштүк резиденциясында айрым атуулдарды кабыл алды.

XS
SM
MD
LG