Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

КЫРГЫЗСТАН ЭЛДЕРИНИН АССАМБЛЕЯСЫ ПАРЛАМЕНТТЕН МАЙДА УЛУТТАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮНӨ АТАЙЫН ОРУНДАРДЫ БЕРҮҮ СУНУШУН КИРГИЗДИ.


Жакында Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясы Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө байланыштуу атайын кайрылуу менен чыкты. Анда республикада жашап жатышкан майда улуттардын өкүлдөрүнө парламенттен орун (квота) бөлүп берүүнү Конституциялык жол менен мыйзамдаштыруу зарыл деген сунуш айтылат.

«Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз» чакырыгы ташталгандан бери өлкөдөгү улуттар аралык саясат жакшы жолго салынганы ийгилик катары белгиленип келатат. Бирок ошого карабастан, жакында парламенттеги депутаттык орундарды майда улуттарга биротоло бекитип берүүнү сураган Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын кайрылуусу дале болсо башкалардын түпкү улуттан үмүт кылган талаптары түгөнө электигин дагы бир ирет ачыкка чыгарды.

Ассамблея кайрылуусун колдогондордун бири, Кыргызстандагы орус тилдүү калктардын башын кошкон «Славян фонду» коомдук бирикмесинин жетекчиси Валерий Вишневский «бүгүнкү күндө Конституциялык денгээлде «баардык жарандар улутуна карабай мамлекетти башкарууга катышууга укугу бар» деп декларативдик түрдө жар салынган. Бирок бул сөз катары гана калууда, анткени бул идеяны ишке ашыруунун жолдору каралган эмес. Майда улуттардын өкүлдөрү мамлекеттик башкарууга аралаша албай калгандыгын бүгүнкү турмуш көрсөтүүдө. Ошондуктан биз, Кыргызстан Элдеринин ассамблеясы, кайрылуу менен чыктык. Биздин оюбузча, майда улуттардын өкүлдөрүн мамлекетти башкаруу иштерине аралаштырууга жана депутаттык милдетти аркалоого укук берүүчү жолдор Конституциялык жол менен бекемделүүгө тийиш» деп эсептейт.

Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын мындай кайрылуусу коомчулукта карама-каршы пикирлерди жаратууда. Кыргызстандагы немис элинин «Фолькстар» коомдук кенешинин жетекчиси, парламент депутаты Валерий Диль бийликти улутуна карап бөлүштүрүү эч бир акылга сыйбаган нерсе дейт: «Мен муну абсурд деп эсептейм. Парламенттеги орундар адамдын улутуна да, динине да карап бөлүштүрүлбөшү керек. Парламентке ким шайланып, ким кызыкчылыкты коргоорун коомчулук, - шайлоочулардын өздөрү чечүүгө тийиш».

«Кайран эл» партиясынын төрагасы, депутат Дооронбек Садырбаевдин пикиринде парламенттеги орундарды улутуна карап бөлүштүрүү шайлоонун атаандаштык критерийине доо кетирет: «Биринчиден, андай таптакыр болбойт. Квота болгон жердин баарында мафия болот деп жатышпайбы. Ошого туш келет. Эгерде Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясына орун берилсе, анда Кыргызстандын атагын дүйнөгө чыгарган Кыргызстан кинематографисттер уюмуна да орун берүү керек. Улуттар ассамблеясына орун берип, бирок майыптар коомуна орун бербей койсок анда бул адамкерчиликке да, мусулманчылыкка да жатпай калат».

Садырбаев улуттар аралык мамилени бийлик атайылап курчутуп жатышы да ыктымал дейт. «Себеби дегенде, шайлоо боюнча да, адам укугун кордоо баоюнча да чырлар чыгып жатат. Ушунун баарынын чыр башында, жогорку кызматтагы бийлик адамдарынын катышы бар», деп эсептейт Садырбаев.

Мындай пикир менен Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын төрагасы Иса Токоев макул эмес. «Биз демократиялык мамлекет куруп жаткан сон, биздин эгемендикти таанып, биздин жарандар болгон соң улутуна карабай өз укугун коргоп, талап кылууга алардын толук укугу бар. Башка мамлекеттерде да майда улуттар өз укугун коргоп, бийликтен квота талап кылышат. Мына ушундай талаптар коюлууда».

Кандай болгон күндө да, аналитиктердин айтымында, башка постсоветтик республикаларга караганда, Кыргызстандагы майда улуттардын мамлекетке да, түпкү улут болгон кыргыздарга да таарына турган жөнү жок.

XS
SM
MD
LG