Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Жалал-Абаддагы «Справедливость» уюму областтын прокуроруна кайрылды.


Ырысбай Абдраимов

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад областындагы «Справедливость» аттуу укук коргоо уюуму областттын прокуроруна кайрылды. Кайрылууга 14 жашар Багышбеков Замирбектин Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө ооруп жаткандыгы себеп болду. Дарыгерлер баланын ооруканада дарылануусун талап кылышкан. Райондук ички иштер бөлүмү Багышбековду ооруканада кайтарууга милиционерлер жетишпейт деп ооруканада дарыланууга уруксаат беришкен эмес. Областтык укук коргоочу «Справелдивость» бейөкмөт уюму областтын прокурорунан жашы жете элек баланын өмүрүн сактап калуу үчүн укуктук чараларды тезинен көрүүнү өтүндү. 1987-жылы туулган Багышбеков Замирбек Кылмыш кодексинин 97-беренесинин биринчи бөлүгү менен адам өлтүргөн деп айыпталып, Сузак райондук тергөө абагында 2-январдан бери камакта.

XS
SM
MD
LG