Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:25

Кыргызстанда баңгилердин саны кескин өсүүдө.


БИШКЕК. «Кыргызстанда баңгилердин саны былтыркыга салыштырмалуу быйыл болжол менен бир жарым эсеге өсүп кетти», -деп билдирди 4-декабрда өткөн маалымат жыйынынында ички иштер министрлигинин баңги бизнесине каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Жалил Илипаев. Анын маалыматына караганда, колго түшүрүлгөн баңги заттарынын салмагы да былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 72 килограммга көп болуп чыккан жана быйыл 264 килограмм героин кармалган. Жалпы эсептегенде акыркы беш жылдын ичинде колго түшүрүлгөн героиндин салмагы 10 эсеге көбөйгөн. Ал эми Кыргызстанда расмий каттоодо 5 миң 557 баңги турганы менен иш жүзүндө алардын саны 80 миңден 100 миңге чукул. Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, буга баңги заттардын Афганистандан дагы эле ташылып жатышы жана Кыргызстандын 8 миң 800 гектар жерге баңги заты бар өсүмдүктөрдүн өсүшү себепчи болууда.

XS
SM
MD
LG