Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Улуттук Банк «Кайрат-Банкты» сатуу камын көрүүдө.


БИШКЕК. Учурда акциялары мамлекеттин карамагында турган турган «Кайрат-банкты» Улуттук банк келерки жылы тендер жолу менен сатууга аракет жасайт , ал эми Эсептешүү-Сактык Компаниясынын акциясын өкмөткө өткөрүп берет. Бул тууралуу шаршембиде Улуттук Банкта өткөрүлгөн маалымат жыйынында өлкөнүн башкы банкынын башчысынын орун басары Каныш Шаршекеева маалымдады. «Кайрат-Банктын» уставдык капиталы 170 млн. сом, Эсептешүү-Сактык Компаниясыныкы болсо 100 млн. сом. Каныш Шаршекееванын айтымында, Улуттук Банк мындан ары да депозиттерди камсыздандыруунун механизмдерин иштеп чыгуу, коммерциялык банктарга корпоративдик башкарууну киргизүү, алардын жетекчилеринин жоопкерчилигин артыруу аракетин жасайт. «Биздин коммерциялык банктар бухгалтердик эсеп менен аудитти эл аралык стандартка ылайык жүргүзүүгө өтүш керек»,-деп белгиледи Каныш Шаршекеева.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG