БИШКЕК. 2003-жылдын 1-январынан баштап Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү болуп Крис Лавлейс ишке киришет. Ал бул кызматта буга чейин төрт жыл үч ай иштеген Мохиндер Мудахардын ордуна келет. Дүйнөлүк Банктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка караганда, Крис Лавлейс мырза буга чейин Дүйнөлүк Банктын адамдык өнүгүү секторунун башкы менеджери болуп иштеген. Ал 3-декабрда Бишкекке келип, банктын бул жердеги кеңсесинин иши менен таанышууда. Ал эми Мохиндер Мудахар Кыргызстандан жаңы жылдын 3-январында кайтып кетет.