Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Россиянын коргоо министри Кыргызстанга келди.


БИШКЕК. 4-декабрдын кечинде Кыргызстанга Россиянын коргоо министри Сергей Иванов эки күндүк визит менен келет. Ал ушул эле күнү Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев менен жолугушуп, пикир алышат. Россия президенти Владимир Путиндин 5-декабрдагы расмий визити алдында Кыргызстанга келген Сергей Иванов Канттагы аскердик аэродромдо болуп, Кыргызстан менен Россиянын аскерий аба күчтөрүнүн учкучтарынын авиаоюнун көрөт. Анткени, өткөн ишембиде Кант аэродромуна Россиянын Ил-76 тибиндеги жүк ташуучу эки учагы жана 4-декабрда СУ-25 тибиндеги үч, СУ-27 тибиндеги эки чабуул коюучу учагы Оренбург шаарынан жана Дүйшөмбүдөн учуп келген. Алар коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин аскерий күчтөрүнүн машыгуусуна катышат деген маалымат бар жана Кант аэродромунда туруктуу жайгашаары азырынча белгисиз.Кант аэродромунда Кыргызстандын Л-37,Ан-26,АН-12 тибиндеги учактары жана МИ-8 маркасындагы тик учмасы бар.

XS
SM
MD
LG