Анда президент Сапармурат Ниязовго кол салуу акциясын оппозициялык төрт лидер уюштуруп,жалдап алган адамдарды каржылап турушкан жана иш оңунан чыкса алардын ар бирине 25 миң доллардан акы төлөп бермекчи болушкан деп айтылат. Оппозициянын үч лидери – мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов, борбордук банктын мурдагы башчысы Кудайберди Оразов жана өлкөнүн Түркиядагы мурдагы элчиси Нурмухаммед Канамов, башкы прокуратуранын айтымында, азыр Россияда баш калкалап жүрүшөт. Ниязов президент Путинге кайрылып,аларды кармап берүүнү өтүндү, деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.
Түркмөнстандын башкы прокуратурасы 25-ноябрдагы окуяга байланыштуу дагы бир билдирүү жарыялады.