Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:15

Россиянын коргоо министри Сергей Иванов эки күндүк визит менен Кыргызстанга келди.


Эртең ал Бишкекке келгени жаткан президент Владимир Путин менен бирге Кыргызстандын президенти Аскар Акаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Россия коллективдүү коопсуздук келишиминин алкагында Кыргызстанга аскер аба бөлүгүн жайгаштырганы жатат. Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев менен Иванов терроризмге, сепаратизмге каршы күрөшүүнүн, ошондой эле эки тараптуу аскери кызматташтыкты өркүндөтүү жолдорун талкуулашат.

XS
SM
MD
LG