Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Кошмо Штаттары Түркиянын аскер-аба базаларын инвестициялоо боюнча Анкара менен жүйүр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.


Бул тууралуу америкалык жогорку даражалуу аскерий өкүлдөр билдиришти. Алардын айтымында, Түркиянын базалары Иракка каршы согушка керектелип калышы мүмкүн. Бу күндөрү Анкарада жүргөн АКШнын коргоо министринин орунбасары Пол Вулфовиц эки тарап аскерий пландар жана даярдыктар жөнүндө макулдашканы жатканын кабарлады. Мунун алдында Түркиянын тышкы иштер министри Йсар Йкис Иракка каршы согуш башталса Анкара өз базаларын Кошмо Штаттарына пайдаланганга бериши мүмкүн деп айткан эле. Ошол эле учурда министр ырасмий Анкара ООНдун коопсуздук кеңеши Иракка каршы күч колдонууга санкция берген резолюция кабыл аларына үмүт кыларын да белгиледи.

XS
SM
MD
LG