Коммунисттер партиясынын алгачкы үч баштапкы уюму Нарын шаарында түзүлдү жана аларга 30дан ашуун атуулдар мүчө болуп катталышты. Буга чейин Нарын облусунда коммунисттердин уюмдары болгон эмес жана пролетарлардын жол башчысы Лениндин туулган күндөрү жана Октябрь революциясынын майрамдоо күндөрү белгиленбей келген. Уюм мүчөлөрүнүн билдирүүсү боюнча, мындан ары Совет доорундагы саясий жана маданий иш-чараларды жандандырууга аракеттер көрүлүп, жергиликтүү коомчулукта үгүт иштери жүргүзүлө баштайт.
Дамир Калыков