Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Бишкекте интеллектуалдык менчик укуктары талкууланууда.


Инвестициялар үчүн интеллектуалдык менчик укугун коргоо жана ишке ашыруу маселесине байланыштуу Бишкекте Консультативдик жолугушуу өтүп жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун, Европа Экономикалык комиссиясынын жана өкмөт алдындагы илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюшулган үч күндүк семинар 6-декабрда ишин жыйынтыктайт. Жолугушуунун катышуучулары автордук укуктар тууралуу мыйзамдар, интеллектуалдык менчик укугун пайдалануу, товардык белгилер жана башка багыттардагы проблемалардын айланасында семинарлар жана тегерек үстөлдө талкуулар өтүп жатат. Консультативдик жолугушууга АКШ, Польша, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан өңдүү мамлекеттерде жайгашкан эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү тиешелүү тармактардын өкүлдөрү катышууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG