Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Людмила Путинага «Курманжан датка» сыйлыгы тапшырылды.


Россиянын президенти Владимир Путиндин расмий иш сапарынын алкагында Россиянын биринчи айымы Людмила Путина Кыргызстандын биринчи айымы Майрам Акаеванын коштоосунда Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университетинде болду. Кыргыз-Орус университетинде Людмила Путинага «Курманжан Датка» фондунун сыйлыгы салтанаттуу тапшырылды. Ага чейин Путина университеттин алдындагы Александр Пушкиндин эстелигине гүл койду. Аталган университеттин профессордук-окутуучулук жамааты менен жолугушуп, көргөзмө менен таанышып чыкты. Ал эми Орусиянын бийик делегациясынын иш сапары башталаар алдында «Российская газета» университеттин орус тилчи жана адабиятчы окутуучулары үчүн 250 килограмм китеп тартуулаган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG