4-декабрда кечинде Бишкекке келген Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов бейшембиде эртең менен Кант шаарындагы аскерий аба майданына барып, аскерий учактарды жайгаштыруу сынагына катышты. Сынакка Су-27 жана Су-25 үлгүсүндөгү аскерий төрт учак катышты. Сынактын соңунда Сергей Иванов жана Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев журналисттердин суроолоруна жооп берди. Сергей Ивановдун маалыматына караганда, Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн аскерий-аба учактарын биротоло жайгаштыруу 2003-жылдын май айынан тарта ишке аша баштайт. Ага чейин Орусиянын, Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары келишим түзүшү жана түзүлгөн келишим төрт өлкөнүн парламенттеринде ратификацияланышы керек. Иванов Кант аба майданына биротоло жайгаша турган аскерий-техникалык күчтөрдүн санын атаган жок, бирок, анын айтымында ар бир аскерий учактын жарым сааттык учуп-конушуна сегиз миңден он миң долларга чейин каражат сарпталарын белгиледи.