Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келди.


Бакыт Аманбаев

5-декабрда Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путин иш сапары менен келди. «Манас» аба майданынан орусия президентин мамлекет башчы Аскар Акаев баш болгон расмий адамдар тосуп алды. Адегенде, эки өлкөнүн жетекчилери жекеме-жеке жолугушту. Андан соң кеңири курамдагы биргелешкен отурум өткөрүлдү. Жолугушуунун соңунда, тогуз пунтктан турган «Бишкек декларациясы», Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы коопсуздук маселери, Кыргызстандын Орусия мамлекетине болгон тышкы карызын жөнгө салуу тууралуу келишимдерге жана эки өлкөнүн тышкы иштер министирлеринин жана олимпиядалык комитеттеринин ортосундагы кызматташтык тууралуу протоколдорго кол коюлду. Андан сырткары ушул эле күнү Владимир Путин Жогорку Кеңештин кош палата төрагалары менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG