Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Израилдин ашкере оңчул партиялары премьер-министр Ариэл Шаронду кескин сынга алышты.


Кабинет башчысы, атап айтканда, палестин мамлекетин түзүү мүмкүндүгү жөнүндө кеп кылып, анын амирине Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги аймактардын 40 проценти жана Газа тилкесинин төрттөн үч бөлүгү өтүшү ыктымал деп билдирген эле. Улуттук диний партиянын лидери Эфи Эйтамдын пикири боюнча, мындай иш терроризмге каршы күрөштө Израилдин утулганын билдирмек. Өткөн түнү жөөт аскерлери Газа шаарында операция өткөрүштү. Анын жүрүшүндө террорист деп шектенткен канча
киши кармалганы белгисиз, бирок жөөт аскерлери палестиналык бир активисттин үйүн сүздүрүп салышты.

XS
SM
MD
LG