Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда бир күндүк визит менен болду.


Кыргызстандын президенти Аскар Акаев менен жолугуп, антитеррористтик күрөштүн иш чараларын, Борборазиядагы жана Ооганстандагы стабилдүүлүк проблемаларын талкуулады. Путин жана Акаев Бишкек декларациясына кол коюшту, анда эки өлкөнүн ар түрдүү тармактагы кызматташтыгы, айрыкча коопсуздук, наркозаттардын контрабандасы жана мыйзамсыз иммиграция чөйрөсүндөгү карым-катнаштары аныкталган. Кыргыз президенти ушу тапта Россиянын ар кайсы региондорунда жарым миллионго чукул кыргыз тургундары соода-сатык кылып, иштеп-жашап жаткандыгын эске салып, орус президентинен аларга ойдогудай шарт-шараят түзүлүшүн өтүндү. Мындан тышкары Кыргызстандын карызы, маданий карым-катнаштардын маселелери каралды.

XS
SM
MD
LG