Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Орозо айтына байланыштуу Иракта инспекция иши эки күнгө токтотулду.


Калкка кайрылган майрамдык сөзүндө президент Саддам Хусейн Бириккен Улуттар Уюму Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жоктугуна дагы бир жолу ишенгенге мүмкүндүк алды деп белгиледи. Анын сөзү боюнча, мурдагы жана азыркы инспекция ирак калкына “ар балээден алас болгонго” жол ачат. Ирактын вице-президенти Таха Ясин Рамадан кечээ инспекторлорду Кошмо Штаттары менен Израилдин пайдасына тыңчылык кылып жатышат деп күнөөлөгөн эле. Эксперттер тобунун башчысы Димитри Перрикос мындай айыптарды четке какты. Инспекторлор эч кимге иштебейт, алар ООНдун коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюцияны жүзөгө ашыруу максатында иштеп жатышат, деп билдирди Перрикос. Вашингтон кечээ инспекцияны активдештирип, бир эле мезгилде бир нече обьектте текшерүү өткөргөнгө чакырган эле.

XS
SM
MD
LG