Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

6-декабрда Бишкек шаарындагы айт намазга 30 миңден ашуун мусулман катышты


Бакыт Аманбаев

6-декабрда Кыргызстандын жер-жерлеринде Орозо Айт майрамы белгиленди. Эртең мененки саат сегиз жарымда Бишкек шаарындагы эски өкмөт аянтында айт намазы окулду. Ага 30 миңдин тегерегинде мусулмандар катышты. Адегенде, жалпы мусулмандарды президент Аскар Акаевдин атынан республиканын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов куттуктап, кыргыз элин ыймандуулукка, ынтымактыкка чакырды. Ошондой эле кыргыз мусулмандарын Иран ислам республикасынын, Туркиянын кыргызстандагы элчилери куттукташты. Андан соң, аянтка келген жарандар кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Муратаалы ажы Жумановдун жетегинде жамаат намазын окушту.

XS
SM
MD
LG