Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:50

Кыргызстандын Акыйкатчысы Бишкек жана Ош шардык кеңештеринин чечими мыйзамсыз деп эсептейт


Бакыт Аманбаев

«Бишкек жана Ош шаардык кеңешинин аталган шаарларда митинг, жөө жүрүш жана башка нааразылык акцияларын үч айга чейин өткөрбөө тууралуу токтом кабыл алышы мыйзамсыз. Мындай чечимди кабыл алууга кыргыз өкмөтүнүн да укугу жок анткени, бул кыргыз жарандарынын конституциялык укугу»- деп маалымдады Жогорку Кенештин мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Өмүрбек Текбаев «Азаттык» радиосунун кабарчысына. Ал эми Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун пикиринде, шаардык кеңештер кабыл алган чечимдер мыйзам эмес, аны конституциялык сот аркылуу жокко чыгарыш керек. Турсунбай Бакир уулунун жогорудагыдай пикирине Ош шаардык кеңешинин төрагасы Азимов Кудайберди маакул эмес. «Жогорку бийлик жетечилиги тарабынан эч кандай кысым болгон жок. Биз, мындай чечимди шаардын бейпилдигин камсыз кылуу максатында кабыл алдык» -деди Ош шаардык кеңешинин башчысы Азимов Кудайберди. Эске сала кетүүчү нерсе, 3,4- декабрь күндөрү адегенде Бишкек, андан соң Ош шаардык кеңештери аталган шаарларда үч айга чейин митинг, жөө жүрүш жана башка нааразылык акцияларын үч айга чейин өткөрбөө тууралуу чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG