Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Кыргызстандын Орусияга болгон тышкы карызын төлөө мөөнөтү 20 жылга кийинкиге жылдырылды


Бакыт Аманбаев

Орус-кыргыз өкмөт аралык келишиминин негизинде Кыргызстандын Орусия мамлекетине болгон тышкы карызынын үчтөн эки бөлүгүн төлөө мөөнөтү жыйырма жылга кийинкиге жылдырылды. Мындай келишимге 5-декабарда Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда Кыргызстандын финансы министири Болот Абилдаев менен Орусиянын финансы министиринин орун басары Сергей Колотухин кол коюшту. Бул тууралу жума күнү кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Ал эми жума күнкү айрым орусиялык маалымат булактарынын кабарлоосуна караганда, Кыргызстандын Орусияга болгон карызы Орусияга «Кант» аэропортун арендага берүүнүн эсебинен төлөнөт. Эске сала кетүүчү нерсе, Кыргызстан Орусия мамлекетине 170 миллион доллар карызы бар.

XS
SM
MD
LG